
Ушул жылдын 30-июнунан тартып Россияга кирүү эрежелери өзгөрөрүн Тышкы иштер министрлиги эскертти.
Маалыматка ылайык, талаптар бардык чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде кыргызстандыктарга да тиешелүү.
“Мигранттар Россияга барардан 72 саат мурда мобилдик тиркеме аркылуу өлкөгө баруунун максатын көрсөтүп, тиешелүү электрондук арыз бериши керек. Эгерде адам тез арада дарыланууга муктаж болсо же жакыны каза болуп шашылыш сапарга чыгууга мажбур болсо, бул тууралуу учардан төрт саат мурда кабарлап, тиешелүү документтерди тиркеши керек”, — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле учурда эгерде тиешелүү арыз алдын ала берилбесе, бул Россияга кирүүдөн баш тартууга негиз болбой турганын белгиледи. Бирок акыркы чечим чек ара кызматкерлери тарабынан кабыл алынары кошумчаланды.
Белгиленгендей, учурда мигранттар үчүн RuID аттуу тиркеме даярдалып жатат. Анда ар бир адамга санариптик профиль түзүлүп, Россиянын мамлекеттик органдарынан электрондук кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.