Бүгүн Бишкекте эки көчөнүн айрым бөлүктөрү жабылат

Бүгүн, 20-майдан тартып Лев Толстой көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ал эми Москва көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан тартып Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

“Урматтуу шаар тургундары, жолду капиталдык оңдоо маалында коомдук транспорттун кыймылы да өзгөрөт. Андыктан маршрутуңузду алдын ала пландап алууну өтүнөбүз”,— деп айтылат маалыматта.