
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев КМШ өлкөлөрүндөгү Атайын кызмат менен менен коопсуздук органдардын жетекчилер кеңешинин 56-отурумуна катышты. Бул туурасында аталган комитеттен кабарлашты.
Иш-чара Душанбе шаарында өткөн. Жетекечилер аймактагы коопсуздук, улуттар аралык деңгээлдеги уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү талкуулаган. Эл аралык террорчулук, экстремизм жагдайына өзгөчө көңүл бурулган.
Ташиев КМШнын атайын кызматтарынын маалыматтарды ыкчам алмашып туруусу, өз ара иштешүүнү бекемдөө боюнча көтөрүлгөн демилгелерди колдогон. Андан сырткары, жалпы аймактык кызыкчылыкты көздөгөн, коопсуздукту камсыздай турган чалгын жаатындагы маалыматтарды да токтоосуз бири-бирине берип турууну арттыруу каралган.