
Ош шаарынын Төлөйкөн айылында Ак-Буура дарыясына агып кеткен 13 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, куткаруучулар жансыз денени саат 12:55те таап, ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришкен.
2013-жылы туулган бала сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат бир күн мурун, 15-майда түшүп, аны издөө иштери эки күнгө созулган.
ӨКМ экинчи суткада баланы 254 адам: 9 куткаруучу, ИИМдин Ички аскерлеринин 209 кызматкери жана 24 тууганы издеп жатканын билдирди.