
Бишкекте 1-2-класска катталган балдардын айрымдары мектептен чыгарылышы мүмкүн.
Шаардык мэрия балдар тобу менен катталган батирлер аныкталганын белгиледи.
“20дан ашуун бала катталган батирлер табылган. Эми бул балдар мектептен чыгарылып, өзүлөрү жашаган аймактагы мектепке жөнөтүлөт. Ал эми батирлердин ээлерине коммуналдык кызматтар төлөмдөрдү катталган кишинин саны боюнча эсептеп беришет. Аныкталган маалыматтын баары укук коргоо органдарына берилди”, — деп айтылат маалыматта.
Мэрия шаардыктарды мындай шылуундук схемадан алыс болууга чакырууда.