
Казакстандык ишкер Ерканат Жумабеков издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп шектелүүдө.
“Шектүү маркум Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз “иштерин” билип туруп, КМШ өлкөлөрүндө өзүнүн бизнесин өркүндөтүү үчүн кримтөбөл менен достошкон. Жумабеков Ысык-Көлдөгү “Барс” эс алуу борборунда Көлбаев менен жолугушуп, кримтөбөлдүн туугандары Алматыга барганда аларды сыйлаган”, — деп жазылат маалыматта.
Казакстандык ишкерге сыртынан камакка алынгандан кийин издөө жарыяланганы кошумчаланды.