Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетти

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

 Касмамбетовдун айтымында, кызматтан кетүүсү жаш куракка байланыштуу. Ал 2025-жылдын 8-апрелинде 65 жашка толду.

“Кадырман калайык калк! Мен 2025-жылдын 8-апрелинде 65 жашка чыктым. 43 жыл мамлекеттик кызматта болдум.

Мыйзамды туу тутуп, үлгү көрсөтүп орунду бошотуп жатам. Жаңы адамдар келсин. Президент менен эриш аркак өтө сый-урмат менен иштешкениме миң мертебе ыраазымын. Бүгүн, президентке кайрылуу киргиздим. Ыраазычылыгын сурадым. Дайым, сиздер мененмин!”,-деп жазган Касмамбетов.

Белгилей кетсек, ал 2021-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалган.