Өлкөдө имамдарга стипендия бериле баштады

Апрель айынан баштап Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечиттердин имамдарына стипендия бериле баштаганын муфтияттан маалымдашты.

Мындай чечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын демилгеси менен ишке ашууда.

Стипендия ай сайын берилет, баштапкы суммасы 8000 сом менен башталган.

Маалыматта имамдарга берилген бул каражат жөн гана эмгек акы эмес, дин кызматкерлеринин эмгегин баалоо деп белгиленген.

“Имам жөн гана намаз окуп койгон киши эмес. Коомдун руханий күзөтчүсү, улуттук аң-сезимди ойготкон жетекчи. Анын тили элдин руханий жаатын өзгөртөт, үгүтү тынчтыкты сактайт, көз карашы жаштарга багыт берет. Биз дин кызматкерине шарт түзүп берсек, ал коомдун аң-сезимин түптөйт”, – деген муфтий Абдулазиз Закиров.

Муфтият стипендия берүү менен имамдардын кайрымдуулук же башкалардын колдоосуна таянбай калыс, жоопкер болуп, милдеттерин так аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалаган.

“Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул иш-аракетти коомдук-руханий туруктуулукту бекемдөө, билимдүү жана жогорку даражада даярдалган дин кызматкерлеринин ролун арттыруу, эл арасындагы диний сабаттуулукту көтөрүү максатында ишке ашырууда. Мындай чечим радикалдуу идеологияларды алдын алып, Кыргызстандын өзүнө таандык мурасчыл, салттуу ислам баалуулуктарын коргоо жана өнүктүрүү жолунда чоң салым болот”, – деген ал.