Чүй облусунда 480 га жерде чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлдү

Чүй облусунда 480 га жерде чегиртелерге каршы күрөшүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн тургундарынын чегирткелердин көбөйүшү тууралуу билдирүүсү боюнча жалпы 1820 гектар аянтта изилдөө жүргүзүлдү. Анын ичинен 1 236 гектарда чегирткелердин очогу аныкталып, 480 гектар жерге химиялык иштетүү жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күнгө карата Жайыл районунда 2 трактор жана Панфилов районунда 3 трактор жана атайын техникалар ыкчам тартипте химиялык иштетүүлөрдү жүргүзүүдө.

Ошондой эле Чүй облусунун башка райондорунда да мониторинг иштери улантылып, айыл чарба жерлеринде зыянкечтердин очогун аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.