
17-майда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу мэрия кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 17-майда саат 9:00дөн 20:00 чейин Садовый көчөсү – Шабдан баатыр проспектиси – Ч. Валиханов көчөсү – темир жол тилкеси менен чектешкен аймакта, ошондой эле 7- Апрель – Ауэзов – Исакеев – Ч. Валиханов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.
Ичүүчү суу “ВПУ” суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.