Караколдо аянты 2,52 га болгон соода базасы мэрияга өткөрүп берилди

 Каракол шаарында жалпы аянты 2,52 гектар болгон “Каракол дүң-чекене соода базасы” мэриянын балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 2000-жылы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын чечими менен Гебзе көчөсү 200 дарегинен (1 га) жер тилкеси Каракол соода базасына бекитилип берилген, мындан тышкары 2001-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кийинки токтому менен жер тилкесинин аянты “мурдагы чечимдеги техникалык ката” деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган “Каракол дүң-чекене соода базасы” (мурдагы райондор аралык база) ыктыярдуу негизде Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.