Президент Жалал-Абаддагы Кыргызстан менен Россиянын аймактар достук паркта болду

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан жана Россиянын региондорунун достук паркында болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы парктын аймагын көрүп чыгып, анын көрктөндүрүлүшү жана эс алуу жайлары менен таанышты. Ал шаар тургундары менен баарлашып, алардын ой-пикирин жана каалоо-тилектерин угуп, шаардыктар менен бирге сүрөткө түштү.

“Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийликти жана жашоочуларды шаардагы тазалыкты, тартипти жана ыңгайлуулукту сактоого өзгөчө көңүл бурууга чакырып, өз шаарына кам көрүү ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталарын баса белгиледи”,-деп айтылат маалыматта.