
КР Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 07:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Учурда жер-жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.