Айдоочу унааны артка айдап, 8 жаштагы баланы сүзгөн. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө

Бишкек шаарында 23 жаштагы айдоочу унаасын артты көздөй айдап, 8 жаштагы баланы сүзгөн. Учурда жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-майда болжол менен саат 20:30дар чамасында 2002-жылы туулган С.А. аттуу айдоочу кыз Hyundai Solaris үлгүсүндөгү унааны артты көздөй айдап жатып, И.Э. аттуу жашы жете элек баланы сүзүп алган. Кырсык Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан үйдүн короосунда болгон.

8 жаштагы бала ар кандай жаракаттары менен Шаардык клиникалык оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын МЭЖге катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Автоунаа айып токтотуучу жайга киргизилди.