
Президент Садыр Жапаров 8-9-майда президент Владимир Путиндин чакыруусу менен Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
“Алдыдагы иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү маарекелик Жеңиш парадына катышат.
Белгилей кетсек, алдыдагы салтанаттуу парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да катышат”, – деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.