
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар башталды.
Алгач президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Жеңиш аянтында митинг-реквиемге катышты. Анда мамлекет башчысы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта каза тапкандарды бир мүнөт эскерди.
Ушул мүнөттөрдө мамлекет башчысы Ала-Тоо борбордук аянтындагы майрамдык иш-чарага катышууда.
Учурда Бишкек гарнизонунун аскердик парады өтүүдө.