“Жеңиш эстафетасы” Казакстандан Кыргызстанга келди

 29-апрелде “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда “Жеңиш эстафетасы” эл аралык аскердик-патриоттук акциясынын символун тосуп алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Казакстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү “Жеңиш эстафетасын ” кыргыз кесиптештерине өткөрүп беришти.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эл аралык акция үстүбүздөгү жылдын 2- февралында Брест (Беларусь) жана Мурманск (Россия) шаарларынан бир эле учурда эки каттам боюнча башталды. Эстафета КМШ мамлекеттеринин тышкы чек араларын бойлой жүрүүдө.

Кыргызстандын аймагында Жеңиш эстафетасы 2025-жылдын 29-апрелинен 4-майына чейин өтүп, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарын камтыйт.

Жеңиш эстафетасын салтанаттуу кабыл алуу аземинен кийин Кыргызстандын чек арачыларынын эстафеталык тобу “Кант” жана “Токмок” чек ара заставаларына барышты. Заставанын өздүк курамы Жеңиштин символун өзгөчө сезим менен тосуп алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлү Талант Сабиров бул эстафета азыркы жана келечек муундарга мекенибиздин эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргогон жоокерлердин теңдешсиз эрдигин жана каармандыгын даңазалап тураарын баса белгиледи.

“Бул фронтто согушкан жана тылда тынымсыз эмгектенген аталарыбыздын, энелерибиздин жана чоң аталарыбызды эскерүү. Жеңиш эстафетасы бардык өлкөлөрдүн чек арачыларынын күжүрмөн боордоштугун жана достук мамилесин бекемдеп, биздин жалпы жеңиштерибиздин негизи болуп кала бермекчи”- деди ал.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев бул иш-чаранын кыргызстандыктар үчүн терең маанисин белгиледи.

“Жеңиш эстафетасынын символунун кыргыз жерине келиши – өлкөбүздүн ар бир жашоочусу үчүн маанилүү окуя. Дээрлик ар бир үй-бүлөдөн фронтко аттангандар болгон. Жеңиш эстафетасын тосуп алуу менен биз согуш талаасында курман болгон жана аман калып, жеңиш менен кайтып келген аталарыбызга терең урмат жана түбөлүк таазим кылабыз”, -деди Буржуев.

Жеңиш эстафетасы андан ары Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын чек ара бөлүктөрү аркылуу жолун улантат. Ар бир региондо чек ара бөлүктөрүнүн өздүк курамынын, чек ара ардагерлеринин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлөт.

2025-жылдын 4-майында “Бор-Дөбө-автодорожный” өткөрмө пунктунда кыргыз чек арачылары Жеңиш эстафетасынын символун тажикстандык кесиптештерине өткөрүп беришет.

Маалымат үчүн: “Жеңиш эстафетасы” биринчи аскердик-патриоттук акциясы 1995-жылы ардагер-чек арачылардын демилгеси, КМШ өлкөлөрүнүн чек ара аскерлеринин кол башчылар кеңешинин колдоосу менен өткөрүлүп, Улуу Жеңиштин 50 жылдыгына арналган. Анын негизги максаты шериктеш өлкөлөрдүн чек араларында коңшулук мамилелерди чыңдоо болгон. Бул демилге элдердин ортосундагы биримдикти жана тарыхый калыптанган достукту бекемдөөгө багытталган. Ошондон бери Жеңиш эстафетасын КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларында өткөрүү жакшы салтка айланып, чек арачылардын эрдигин жана каармандыгын даңазалап келет.

“Жеңиш эстафетасы” масштабдуу аскердик-патриоттук акциясы 2025-жылдын 28-майында Москвада “Белгисиз жоокердин мүрзөсү” мемориалдык комплексинин жанында аяктайт.