
Бишкекте ири өлчөмдөгү баңгизат сатууга шектүү кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Тартип сакчыларына борбор калаанын Октябрь районунда белгисиз адамдар баңги затын сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иш козголду. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иликтөө кызматкерлери кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактап, колго түшүрүштү.
Ал 27 жаштагы А.И. болуп чыкты, андан 160 таңгак баңги заты алынган. Жалпы салмагы 6 килограмм 776 граммды түзгөн. Маалымдалгандай, кармалган зат ооган гашиши болуп, анын баасы 18 миллион 960 миң сомду түзөт. Кармалган адам № 1 СИЗОго киргизилип, тергөө иштери уланууда.