
Азербайжандын борборунда Кыргызстандын соода үйү ачылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бул өлкөнүн улуттук продукциясын, инвестициялык потенциалын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн жаңы туруктуу аянтча экени белгиленген.
Соода үйүндө кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарларын илгерилетүү, туристтик потенциалды жана инвестициялык долбоорлорду тааныштыруу үчүн көргөзмө жана соода зоналары уюштурулган, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн орун бар.
Ачылыш аземине Азербайжандын расмий түзүмдөрүнүн, дипломатиялык корпустун, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле башка чакырылган адамдар катышты.
Долбоордун алкагында боордош түрк мамлекеттерин: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстанды символдоштурган салттуу алты кыргыз боз үйүнүн комплекси болгон «Түрк Обасы» маданий зонасы да тааныштырылды.
Соода үйүнүн ачылышы коомчулуктун кеңири кызыгуусун жаратып, Азербайжандын алдыңкы телеканалдары жана ММКлары тарабынан чагылдырылды. Азербайжанда Кыргызстандын соода үйүнүн түзүлүшү кыргызстандык продукция өндүрүүчүлөр жана туристтик операторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги бизнес-коомчулукту түрк мамлекеттеринин жаңы рынокторуна чыгуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк байланыштарды түзүү үчүн түзүлгөн платформаны активдүү пайдаланууга чакырат.