
Ошто акциздик маркасы жок 23 тонна мотор майы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылындагы мотор майларын сактоочу кампага салыктык рейддик көзөмөл жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 3 222 583,6 сомду түзгөн, акциздик маркасы жок 23 тонна 111 литр мотор майы табылган.
Бул фактынын негизинде чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Мамлекеттик салык кызматы эсепке алынбаган товарларды аныктоо жана салык мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу боюнча пландуу иштер улантылып жатканын кошумчалады.