
Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Аны суракка алып кетишти. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына билдирди.
Анын айтымында, тинтүү иштеринен кийин Рита Карасартованы суракка алуу үчүн Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына алып кетишкен.
«Менин үйүмдө тинтүү жүрүп жатат. Бул Тилекматтын (Күреңов — 24.kg) иши боюнча болуп жатат окшойт», — деди тинтүү учурунда үйдө болбогон Рита Карасартова.
Мындан бир нече саат мурун Рита Карасартова Фейсбук баракчасына активист Тилекмат Күрөңовдун катын жарыялады.
Эскерте кетсек, 14-апрелде милиция массалык баш аламандык уюштурууга катышкан деп шектелгендерди кармаган. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кармалгандардын арасында белгилүү бир суммадагы акча үчүн Тилекмат Күрөңовдун жана башка адамдардын катышуусунда чагымчыл маанайдагы видео билдирүүлөрдү жасап, кийин социалдык тармактардагы фейк аккаунттар аркылуу тараткан оператор-монтаждоочу бар экенин белгиледи.