Тажикстанда жер титирөөнүн кесепетинен 94 үй кыйрап, бир бала каза болду

Тажикстанда жер титирөөнүн кесепетинен өлкө боюнча 94 турак жай кыйрап, бир бала каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын “Авеста” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Рашт аймагында 40 турак жай толугу менен, билим берүү мекемесинин 5 имараты, 3 чайкана жана 1 көмөкчү имараты жарым-жартылай талкаланган.

Жер титирөөнүн кесепетинен бала турак жайдын дубалынын ортосунда калып, алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Тажикабад районунда алдын ала маалымат боюнча, 54 турак жай толугу менен, 45 имарат жарым-жартылай, 61 турак жай жана 2 орто билим берүү мекемесинин имараты, 3 чайкана жана 1 медициналык мекеме жарым-жартылай жабыркаган.

Эске салсак, зилзала күн мурун жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:24тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Рашт шаарынан 21 чакырым алыстыкта жана Душанбе шаарынан болжол менен 160 чакырым түндүк-чыгышты көздөй жайгашкан.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 5-6 балл, борбор калаада 3 баллга чейин сезилген.

Учурда жеринде атайын комиссия иштеп, келтирилген зыяндын чоо-жайын тактап, издөө-куткаруу иштери уланууда.