
Ош шаарында 38 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип, 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, шектүү уурулукка кирип, маркумду муунтуп өлтүргөн. Ошондой эле ал унааны айдап качып кеткени айтылууда.
Шектүү кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.