Лейлекте дарыгерлер майыптыгы бар жарандардан акча алууга шектелүүдө

Лейлекте Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиясы тарабынан майыптык тобун аныктоодогу коррупциялык схеманы аныктады.

Тактап айтканда, Лейлек райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын мүчөлөрү майыптыгы бар жарандардын майыптык тобун аныктап берүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу менен алектенген.

Баткен районунун тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында Лейлек райондор аралык МСЭКтин төрагасы эксперт А.Ж.А. жана врач эксперт Э.У.Б. тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдөгү акча каражатын системалуу түрдө алгандыгын тастыктаган материалдар алынды.

Мындан улам, жогоруда аталган жарандар КР Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмышка шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.