
2025-жылдын 5-апрелинде Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайчылары жана геологдор ассоциациясынын өкүлдөрү Жерүй алтын кенин иши менен таанышышты. Ассоциациянын курамында тажрыйбалуу геологдор, профессорлор жана металлургдар болду. Алар кендин иши, өндүрүштүк процесстер жана инфраструктура менен жакындан таанышты. Эксперттер карьердик иштердин жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти.
Алар алтын ылгоочу фабрика жана калдык сактоочу жайга барып, иш процессине оң баа беришти. Ошондой эле, кенде жүргүзүлүп жаткан жер астындагы иштер жогорку баага татыды. Өздөрүнүн бай тажрыйбаларына таянып, ассоциация мүчөлөрү кендин иши боюнча конструктивдүү сунуштарды берип, анын ичинде экологиялык таасирди азайтуу жана иштөө процесстеринин оптимизациясы боюнча айрым сунуштар айтылды.
“Ассоциациянын курамында тажрыйбалуу геологдор, профессорлор металлургдар, шахтерлор бар. Бүгүн ар бири өзүнүн оюн, сунуштарын айтышты. Негизине кенде иш жакшы жүрүп жатыптыр. Ачык жол менен иштеген карьерди көрдүк, жер астында аткарылып жаткан иштер менен тааныштык”- деди КРнын Тоо-кен өнөр жайчылары жана геологдор ассоциациясынын Башкармалыгынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков.
2027-жылы ишке кирет деп сунушталып жаткан экен, бул абдан жакшы көрсөткүч. Эгер ишке кирсе Талас областына гана эмес жалпы мамлекет үчүн чоң жетишкендик болот”- дейт КРнын Тоо-кен өнөр жайчылары жана геологдор ассоциациясынын Башкармалыгынын төрагасы – Дүйшенбек Камчыбеков
Ошондой эле, ассоциация өкүлдөрү кендин кызматкерлерине түзүлгөн жашоо шарттарга жана өндүрүштүк коопсуздукту сактоо боюнча чараларга оң баа беришти. Жерүй кенинин иши Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы жаңы жетишкендиктердин бири болуп, ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошууда. Жалпысынан, ассоциация мүчөлөрү Жерүй алтын кенинин өнүгүп жаткан ишмердүүлүгүнө жакшы баа берип, кендин келечектеги потенциалын чоң деп баалашты.