IT-хабдын ачылышында президентти БилимБот роботу мамлекеттик тилде саламдашып тосуп алды

Мамлекет башчыны IT тармагын өнүктүрүү жаатында алектенген Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын колдоосу менен атамекендик программисттер жасаган БилимБот роботу мамлекеттик тилде саламдашып тосуп алды.

Борборду кыдыруу учурунда президентке IT-хабдын резиденттери, анын ичинде Кыргызстандагы соода жүргүзүү, жумуш жана турак жай издөө боюнча эң ири сервис, продакшн компания (D Billions, Жаратман подкаст), ошондой эле криптовалюталар рыногундагы автоматташтырылган соода платформасы тууралуу маалымат берилди.

IT-хаб санариптик инновациялар, технологиялар жана ишкердик борбору болуп саналат. Бул мейкиндик кеңселерди, коворкинг аймактарын, жыйын залдарды, подкаст жазуу студиясын жана амфитеатрларды бириктирет. Иштеп чыгуучулар, дизайнерлер, аналитиктер жана башка маалыматтык технологиялар адистери үчүн бардык шарттар түзүлгөн: сүйлөшүү залдары, китепкана, ашкана жана оюн аянтчалары бар.

Садыр Жапаров өз сөзүндө буга чейин бул жерде республика экономикасына чоң салым кошкон фабрика иштеп турганын эске салды. Бирок, арадан жылдар өтүп, доор алмашып мына минтип бүгүнкү күндө заман талабына ылайык, бул жай өнүгүүнүн жаңы багытына кадам таштады.

«Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам өзгөрүүнүн үстүндө. Өлкөлөрдүн өнүгүшү бир эле жаратылыш ресурстарына көз каранды болбой калды. Мурда кен байлыктарга бай, же болбосо деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү кеңири өлкөлөрдүн экономикалык көрсөткүчтөрү үстөмдүк кылар эле. Азыркы тапта булар негизги фактор эмес. Себеби биз санарип доор учурунда жашап жатабыз. Башкача айтканда, билим жана технологияны ар кандай жаратылыш ресурсу менен атаандаша ала турган ресурс катары колдонуу жөндөмдүүлүгү алдыңкы планга чыкты», – деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент жеке ишкерлердин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын мамлекет жогору баалай турганын ырастады. Ал мындай демилгелер мамлекет менен бизнестин ортосундагы жетишилген өнөктөштүктүн айкын мисалы болуп саналарын белгилеп, мындан ары да өлкө боюнча дал ушундай борборлордун, ошондой эле заводдордун жана ишканалардын ачылышына шарт түзүлөрүн айтты.

Садыр Жапаров эки жыл мурда «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынганын эске салды. Көптөгөн ишкерлер бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, завод-фабрикаларды, пансионаттарды жана беш жылдыздуу мейманканаларды курууга инвестиция сала башташты. Бул контекстте мамлекет башчы ишкерлерди Кыргызстандын өнүгүүсүнө инвестиция салууга чакырды.

«Бүгүнкү ачылып жаткан хабда жаңы жумуш орундары түзүлгөндөн сырткары, инновациялык чечимдер жаралып, глобалдык рынокторго эшиктер ачылаарына, жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралаарына үмүтүм зор», – деди Садыр Жапаров.

Аянты 14 миң чарчы метр болгон IT-хаб 1500 жумушчу ордуна ылайыкталган. Креативдүү мейкиндикти курууга жана жабдууга жумшалган жалпы инвестициянын көлөмү 2 млрд сомду түздү.

Мамлекет башчы IT-коомчулугунан чыккан ар бир демилгени колдой турганын белгиледи. Ал ошондой эле өткөн жылы «Жогорку технологиялар паркы жөнүндө» мыйзамга маанилүү өзгөртүүлөр киргизилип, парктын резиденттери үчүн салык режими мөөнөтсүз болуп өзгөргөнүн эске салды. Бул өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө жайгашкан IT-компаниялар үчүн жогорку технологиялар парктарынын жагымдуулугун арттырды.

Соңунда президент Садыр Жапаров IT-хабдын резиденттеринин жетишкендиктери мамлекеттин келечеги болгон жаштар үчүн мыкты үлгү, айрыкча, маалыматтык технологиялар тармагында алгачкы кадамдарын жасап жаткандарга дем болуп берерине ишеним билдирди.