
Күн мурун Бишкек шаарындагы №33 орто мектепте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Даңк аллеясына” мезгил кутусун салуу салтанаттуу аземи өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында мектептин тарбиялануучулары тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун даңазалуу жоокерлеринин урматына көчөт отургузулуп, мектептин окуучулары даярдаган концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, №33 орто мектептин имаратында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Самибек Абазович Игембердиев, Василий Петрович Петрищев, Сергей Михайлович Извеков, Анатолий Васильевич Писаренко, Кемель Токаевич Токаев, Рахимжан Кошкарбаевич Кошкарбаев билим алышкан.