Жакында “Түндүктө” жеткиликтүү болгон маалымкаттарды кагаз түрүндө берүү токтотулат

Жакында “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болгон маалымкаттарды жана маалыматтарды кагаз түрүндө берүү токтотулат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Азамат Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын 14-апрелинен тартып Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 2025-жылдын 1-майынан тартып республиканын бардык аймактарында маалымкаттарды жана маалыматтарды кагаз түрүндө берүү токтотулат.

“Кезекте туруп, кагаз документтерди чогултуунун кажети жок болот. Талап кылынган маалыматтар “Түндүк” тиркемесинен алынышы мүмкүн.

Бошотуу жарандардын айрым категориялары үчүн гана каралган (50 жаштан жогору курактагы, жарандардын социалдык жактан аярлуу категорияларына, ошондой эле Кыргызстандын чегинен тышкары жана чет өлкөлүк жарандарга пайдалануу үчүн).

Экинчиден, 2025-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жарандардан жана юридикалык жактардан мамлекеттик жана муниципалдык маалымат базаларында жана маалымат системаларында турган маалыматтарды талап кылууга иш жүзүндө тыюу салынат”, – деди ал.

Азамат Кадыралиевдин айтымында, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди алуучуларды бул маалыматтарды жана документтерди берүүгө мажбурлабастан, аларды “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу өз алдынча алууга тийиш.

“Жарандар мамлекеттик органдардын ортосунда документтердин жана маалымкаттардын папкалары менен чуркабашы керек.

Башкы максат – мамлекеттик сервистерди ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу, керексиз бюрократиялык жол-жоболорду жана кагаз иштерин жок кылуу, бул үчүн заманбап санариптик технологияларды жана продуктуларды максималдуу пайдалануу.

Үчүнчүдөн, министрлер кабинетинин кабыл алган чечимди сапаттуу жана өз убагында аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилиги белгиленген”, – деди ал.

Кадыралиев эгерде зарыл болгон автоматташтырылган маалыматтык базалар жана системалар түзүлө элек болсо, мамлекеттик органдарга аларды 2025-жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен ишке киргизүүнү камсыздоо тапшырылганын эске салды.

Ал калк арасында кеңири маалыматтык иштерди жүргүзүү, жарандарга жер-жерлерде, мамлекеттик кызматтарга жана сервистерге жетүү пункттарында зарыл болгон жардамдарды берүү тапшырылганын белгиледи.

“Төртүнчүсү, жооптуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө жарандарга туруктуу негизде социалдык тармактарда жана ЖМК аркылуу маалымдап турууга милдеттүү, анын ичинде:

  • “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алынышы мүмкүн болгон маалыматтар (документтер) жөнүндө;
  • мамлекеттик жана муниципалдык органдар жарандардан жана юридикалык жактардан мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди алуу үчүн талап кылбашы керек болгон маалымкаттар жана маалыматтар жөнүндө;
  • тигил же бул маалыматтарды (маалымкаттарды)санариптик форматка өткөрүү пландары жөнүндө жана башкалар.

Тиешелүү иш президенттин, министрлер кабинетинин, президенттин администрациясынын көзөмөлүндө тургандыгын билдиребиз”, – деп жыйынтыктады Кыдыралиев.

Белгилей кетсек, аталган иштер 2025-жылдын 10-мартында КР президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.