100 аквариум таш бакасын мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы 8-апрелде «Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунун чек арачылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан аквариум таш бакаларынын ири партиясын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашканын билдирди.

Маалыматка ылайык, стандарттуу паспорттук көзөмөл процедурасы учурунда чек арачылар Кыргызстандан Өзбекстанга бараткан жарандын шектүү жүрүм-турумун байкашкан.

Текшерүү учурунда 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны рюкзагына полиэтилен баштыкка тирүүлөй 100 аквариумдук таш баканы салып алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган. Кармалган жаран таш бакаларды бейтааныш адамдын өтүнүчү менен чек арадан алып өтүүгө алгандыгын билдирген. Текшерүү учурунда ал жаранда жаныбарларды чек арадан алып өтүүгө уруксат берүүчү доументтер жок экендиги аныкталган.

Кармалган жаран жана конфискацияланган таш бакалар андан аркы териштирүүлөр жүргүзүлүшү үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде чара көрүлүшү үчүн тийиштүү компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилген.