Ысык-Көлдө бир катар жер тилкелер мамлекетке алынды

 Ысык-Көл облусунда бир катар жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматы тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында төмөнкү объекттер кайтарылды:

– Өндүрүштүк жайы (цех) жана 3900 чарчы метр жер тилкеси бар Түп жыгач иштетүүчү ишканасы (Түп механикалаштырылган токой чарбасынын балансына өткөрүлүп берилди);

– Түп “Райсельремкомхоз” административдик-мүлктүк комплекси менен 2,63 га жер тилкеси (Түп айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди);

– Түп районунун Кичи-Өрүктү айылынан 942 чарчы метр жер тилкеси (Балбай айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди);

– Түп районунун Миң-Булак айылындагы жалпы аянты 486,15 чарчы метр дан кампасы (Карасаев айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди).

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.