Парктагы кырсыктан кийин аттракциондордун иши токтотулду

Панфилов паркындагы кырсыктан кийин механикалык аттракциондордун баарынын иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, учурда бардык аттракциондордун техникалык абалын тыкыр текшерүү иштери жүрүп жатат. Алардын иши коопсуздугу текшерилгенден кийин гана жанданарын билдирди.

Ал эми кыз кулап түшкөн аттракциондун ээси 35 миң сом айыпга жыгылган.

Жеринде атайын комиссия текшерүү жүргүзгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя аттракциондо эки коопсуздук курун сындырып алгандыктан келип чыккан.

Панфилов атындагы сейил багынын администрациясына бардык механикалык аттракциондордун коопсуздугу текшерилгенге чейин «Скамейка» аттракционунун ишин убактылуу токтотуу боюнча кепилдик кат жөнөтүлдү.