Кыргызстан алты чет мамлекеттин паспортторун басып чыгара баштайт

Кыргызстан жакын арада алты чет мамлекеттин паспортторун чыгарат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта журналисттерге президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, паспорт даярдоо боюнча азыр африкалык эки өлкө: Гана жана Намибия менен келишим түзүлдү.

Келерки аптада чет мамлекеттер менен дагы төрт келишимге кол коюлат. Бирок Каныбек Туманбаев бул өлкөлөрдүн атын атоодон баш тартты. Ал бул тууралуу келишимдерге кол коюлгандан кийин гана билдирерин белгиледи.

Эске салсак, Кыргызстан өз паспортторун 2023-жылдын сентябрь айынан тарта басып чыгара баштаган. Документтерди «Учкун» мамлекеттик басмаканасы чыгарат. Буга чейин өлкө ID-карталарды жана жалпы жарандык паспортторду чет өлкөдөн буйрутма менен алып келген.