Жузупбек Нурматов: Аудит бир топ мыйзам бузууларды аныктады

КР Эсептөө палатасынын аудитору Жузупбек Нурматов менен болгон маек.

— Урматтуу Жузупбек Шоконович, жакында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине (ЖРЭТКМ) жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы коомчулукта чоң кызыгуу жаратты. Алгач, аудиттин максаты жана негизги багыттары тууралуу айтып берсеңиз.

— Бул аудиттин негизги максаты — министрликтин жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджет каражаттарын пайдалануудагы ченемдик документтерге шайкештигин текшерүү жана мурда берилген жазма буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөө болду. Ошондой эле, мамлекеттик каражаттардын натыйжалуу колдонулушун жана мыйзам бузууларды аныктоо максатында министрликте жана анын түзүмдөрүндө талдоо жүргүздүк.

— Аудит учурунда кандай негизги мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталды?

— Аныкталган бузуулар бир нече багытта болду. Маселен, 2021-2022-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин негизинде берилген 17 пункттан турган жазма буйруктун 13 пункту аткарылган, 3 пункту жарым-жартылай аткарылган, ал эми 1 пункту такыр аткарылган эмес. Мисалы, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына байланыштуу мамлекеттик мүлктүн ижарачыларынан 5079,3 миң сом өндүрүлүшү керек болсо, анын 2622,3 миң сому гана өндүрүлгөн.

Ошондой эле, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөмдөрдүн толук жыйналбашы жана чарба субъектилеринин жетишсиз камтылышы чоң көйгөй бойдон калууда. Мисалы, Бишкек шаарында катталган 13 578 чарба субъекттеринин ичинен болгону 296 субъект тарабынан гана айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөм жүргүзүлгөн. Бул өтө төмөн көрсөткүч.

— Мунун негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Себептер бир нече. Биринчиден, регионалдык башкармалыктардын төлөмдөрдү чогултуу боюнча иши жетишсиз деңгээлде жүрүп жатат. Экинчиден, министрликтин айрым бөлүмдөрүндө маалымат базалары так жана толук эмес. Мисалы, көчмө булактардан атмосфералык абаны булгагандык үчүн төлөмдөрдү чогултууда министрлик менен Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтары дал келбейт.

— 2023-жылга карата жалпы бузуулардын суммасы канча болду?

— Жалпы мыйзам бузуулар жана ченемдик документтерге дал келбестиктердин суммасы 494 949,7 миң сомду түздү. Анын ичинен 235 125,1 миң сому ордуна коюлушу керек. Аудиттин жыйынтыгында 1407,4 миң сом гана ордуна коюлган.

— Министрликтин ишмердүүлүгүндө бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары да болду беле?

— Ооба, мындай учурлар бар. Мисалы, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору бузулуп, 2023-жылы 19 837,9 миң сомду түзгөн бир булактан сатып алуулар жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, ишкананын жылдык киреше декларациясында 3 349,9 миң сомго аз көрсөтүлгөн, натыйжада бюджетке 335,0 миң сом пайда салыгы төлөнбөй калган.

— Бул бузууларды жоюу жана кырдаалды оңдоо үчүн кандай чаралар көрүлмөкчү?

— Биринчи кезекте, министрликке жана тиешелүү түзүмдөргө кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар берилди. Ошондой эле, укук коргоо органдарына бир катар материалдар жөнөтүлүп, териштирүү иштердин жүрүшү күтүлүүдө. Мындан сырткары, төлөнбөй калган каражаттарды өндүрүү боюнча чаралар көрүлүшү керек.

— Жыйынтыктап айтканда, бул аудиттин негизги сабактары жана сунуштары кандай болду?

— Негизги сабак — министрликтин ички көзөмөлүн күчөтүү зарыл. Айрыкча, төлөмдөрдү чогултуу жана бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча иштерди жолго коюу керек. Ошондой эле, чарба субъектилерин каттоо жана алардан төлөм алуу процессин автоматташтыруу зарыл.

— Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.