
Азат Алманбетов Аясбекович Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн, 18-мартта Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары ведомствонун жамаатына тааныштырылды.
Буга чейин Азат Алманбетов Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратында фискалдаштыруунун аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.