
Бишкек мамлекеттик университетинин ректору кызматына 6 айлык сыноо мөөнөтү менен Дылдаев Мирлан Муктарович дайылдалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ал министрлер кабинетинин “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен дайындалды.