
Жер титирөөнүн кесепетинен Ош шаарындагы № 62 Маткеримов атындагы мектептин дубалында жана чатырында жаракалар пайда болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.
Министрлик кооптонууга негиз жок экенин кошумчалады.
Эске салсак, бүгүн, 12-мартта саат 9.11де Ош шаарында жана Ош облусунун аймактарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.