
Бишкек шаарынын 3 конушунда бүгүн, 4-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, өчүрүү аймагы төмөнкү даректерди камтыйт.
— «Энесай» турак жай комплекси;
— «Дордой-1» турак жай комплекси;
— «Дордой-2» турак жай комплекси.
Өчүрүү «Энесай» суу топтомосунда жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.
«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.