Улуттук банкы эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды

Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди (негизги чен) 9 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул чечим 25-февралдан баштап күчүнө кире тургандыгын Улуттук банктан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын экономикасы ачык мүнөзгө ээ болгондуктан, тышкы чөйрөдөгү (жалпысынан дүйнөлүк экономикада, ошондой эле региондо) өзгөрүүлөр өлкөдөгү баа динамикасын аныктоочу негизги фактор бойдон калууда. Азык-түлүк рынокторундагы дүйнөлүк баа акыркы айларда жогорулоо динамикасын көрсөткөн, ошону менен бирге эл аралык финансы рыноктору жана дүйнөлүк чийки зат рыноктору геосаясий факторлордун сакталышынан улам өтө туруксуз бойдон калган.

Кыргызстандын соода боюнча айрым өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык процесстер салыштырмалуу жогорку деңгээлде калыптанууну улантууда. Жалпысынан алганда, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал тышкы экономикалык тенденциялардын, анын ичинде дүйнөлүк инфляциянын андан аркы траекториясынын ар түрдүүлүгүн шарттайт.

Белгиленгендей, өлкөдө экономикалык ишмердүүлүк негизинен кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорундагы активдүүлүктүн эсебинен кеңейүүнү улантууда.

2025-жылдын январь айында ИДПнын реалдуу өсүшү 2024-жылдын январь айына салыштырмалуу 10,6 пайызды (2024-жылдын жыйынтыгы боюнча — 9 пайызды) түзгөн. Туруктуу ички суроо-талап калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү, өлкөгө жеке адамдардын акча которууларынын таза агылып кириши жана банк секторунда керектөө кредиттеринин өсүшү менен колдоого алынат.

Маалыматта айтылгандай, республикада инфляциялык фон орточо бойдон калууда — инфляция жыл башынан тартып 1,5 пайызды , ал эми жылдык мааниде — 6,9 пайызды2 түзгөн. Инфляциянын азык-түлүктөн башка компоненти баалардын өсүш арымынын басаңдашын көрсөтүүдө, мында азык-түлүк товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баа динамикасы инфляциянын мурда түзүлгөн факторлорунун (анын ичинде администрациялануучу баалардын жогорулашынан жана реалдуу эмгек акынын өсүшүнөн) экинчи таасирин чагылдыруу менен орточо кармалып турат.

Колдоого алынган акча-кредит шарттары банктар аралык акча жана валюта рынокторунда туруктуулуктун сакталышына өбөлгө түзүү менен улуттук валютанын сатып алууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылган. Учурда экономиканын реалдуу секторуна кредит берүү уланып жатат. 2024-жыл ичинде коммерциялык банктардын кредиттик портфели 32,2 пайызга көбөйүп, 340,7 млрд сомду түзгөн. Муну менен катар эле, Улуттук банктын пайыздык саясаты банктардын депозиттик чендеринин жагымдуу деңгээлде сакталып калышына өбөлгө түзгөн, бул калктын каражаттарынын банк системасына агылып киришин шарттаган. Банктардын депозиттик базасынын жалпы көлөмү 37,3 пайызга, 592,4 млрд сомго чейин көбөйгөн. Коммерциялык банктарда үстөк ликвидүүлүк бар, анын деңгээли экономикада акча сунушунун тең салмактуу көлөмүн камсыз кылуу максатында, Улуттук банктын монетардык инструменттери менен жигердүү жөнгө салынууда.

«Геосаясий факторлорго байланыштуу тышкы экономикалык шарттар, мурдагыдай эле, бир калыпта эмес жана белгисиз бойдон калууда. Ал эми ички факторлордун (мамлекеттик тариф саясатынын план боюнча кайра каралышы жана ички суроо-талаптын сакталышы) баа динамикасына таасири орточо деңгээлде бааланат. Буга байланыштуу Улуттук банктын эсептик чен өлчөмүн 9 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечими кабыл алынды, бул инфляцияны 5-7 пайыз орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчтөрдүн чегинде кармап турууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк орун алган ички жана тышкы экономикалык шарттарга баа берүүнү улантат жана акча-кредит саясатын жүргүзүүдө салмактанып алынган ыкманы колдонот. Баа туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.

Улуттук банк башкармалыгынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча кийинки отуруму план боюнча 2025-жылдын 28-апрелинде өтөт.