Самат Матсаковдун иши. Сот жактоочуну сыртка чыкпоо тил каты менен бошотту

Бишкектин Биринчи май райондук соту жактоочу Самат Матсаковду сыртка чыкпоо тил каты менен бошотту. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Эске салсак, адвокат Самат Матсаков журналисттердин укугун коргогон. Ал 2024-жылдын 29-ноябрында кармалып, 30-ноябрга чейин камакта калтырылган. Сот андан ары камакта кармоо мөөнөтүн 2025-жылдын 28-февралына чейин узартты.

Камалгандан бери укук коргоочулар анын укуктары бузулганын байма-бай айтып келишет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, жактоочу коррупция, алдамчылык жана документтерди жасалмалоого каршы күрөшүүнүн алкагында кармалган. Аталган башкармалык Самат Матсаков сот тармагындагы байланыштарын пайдаланып, 22 миң долларды ээлеп алганын билдирген.