
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө макулдашууга кол коюу эки тараптуу мамилелерди жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөдөгү олуттуу кадам болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине КР УИАнын мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдеринин доктору Токон Мамытов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө макулдашууга кол коюу эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-саясий, соода-экономикалык мамилелерине, ошондой эле жалпы Борбор Азияга оң таасирин тийгизет.
“Белгилүү болгондой, узак убакыт бою чечилбеген чек ара маселелери эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуунун жана мезгил-мезгили менен чыр-чатактардын башаты болуп келген. Бул макулдашууну түзүү куралдуу кагылышуулардын тобокелдигин азайтууга жана мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жардам берет. Чек араларды так аныктоо коопсуздук жаатындагы координацияны жакшыртууга жана чек ара коркунучтарына биргелешип каршы турууга мүмкүндүк берет”,- дейт Токон Мамытов.
Чек ара маселелерин жөнгө салуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрүн эксперт өз сөзүндө белгиледи.
“Келишимде автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу каралган, бул өлкөлөр ортосундагы транспорттук инфраструктураны жана логистиканы жакшыртат. Мындан тышкары, суу-энергетикалык объектилер боюнча келишимдер эки республиканын айыл чарбасы жана энергетикасы үчүн маанилүү болгон ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат”, -деди ал.
Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилелерди турукташтыруу эки өлкөдөн тышкаары, Борбордук Азиянын жалпы коопсуздугуна жана экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизээри кошумчаланды.
“Чек ара талаштарын ийгиликтүү чечүү региондогу башка өлкөлөр үчүн диалог жана кызматташуу аркылуу ушул сыяктуу маселелерди чечүүдө үлгү боло алат. Бул ошондой эле интеграциялык процесстерди бекемдөөгө жана региондун инвестиция тартуусуна өбөлгө түзөт. Жалпысынан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жөнүндө макулдашууга кол коюу эки тараптуу мамилелерде да, бүтүндөй Борбордук Азия регионунда да тынчтыкты, туруктуулукту жана өнүгүүнү бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп саналат”, – дейт Мамытов.