Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилерди лицензиялоо киргизилди

Кыргызстанда жол коопсуздугун жакшыртуу максатында жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилерди лицензиялоо киргизилди. Президент «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, өзгөртүүлөр ошондой эле автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу (анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуучу такси) жана эл аралык жүктөрдү автомобиль менен ташуу үчүн лицензиялардын колдонуу мөөнөтүн чектөөнү да карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.