ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери интернет-шылуундук кылган деп 19 жаштагы баланы кармашканы кабарланды.
Маалымата ылайык, 12-февралда Whatsapp аркылуу жогорку кызматта иштеген адамдардын атынан акча талап кылып, билдирүү жөнөтүлүп келгени аныкталган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча иш козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө билдирүүлөр жөнөтүлгөн абоненттик номерлер жана мобилдик телефондор аныкталган.
“Натыйжада бул аракеттерге катыштыгы бар деп 19 жаштагы Э.Э. аттуу жаран кармалды. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда сегиз банктык карта, 173 сим-карта, чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 33 сим-картасы, ноутбуктар, планшеттер, уюлдук телефондор табылган”, — деп айтылат маалыматта.
Кармалган адам ИИМдин тергөө кызматында, териштирүү уланып жатат.