Москванын экинчи Батыш аймактык аскердик соту Кыргызстандын 30 жаштагы жаранын “Крокус Сити Холлдо” теракт жасаган террорчуларды актаган” деп тапты. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал Телеграм каналдардын бириндеги мигранттардын баракчасында “террорчуларды актаган комментарий жазган”.
ТАССтын кабарлашынча, ал “Азаматтар, мындай кылууга чоң дух керек, кармалып калышканы өкүнүчтүү” деп жазганы үчүн айыпталууда.
Сот чечимине ылайык, Москва шаарындагы курулуш ишканалардын биринде монтажчы болуп иштеген Бекзат Абдинасир уулу (Орусияда экстремисттер менен террористтердин тизмесине киргизилген) Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Террордук ишмердүүлүккө Интернет аркылуу ачык чакыруу”) боюнча айыптуу деп табылып, үч жылга кесилди. Ал жазасын жалпы режимдеги абакта өтөйт.
Маалыматтарда Кыргызстандын жараны коюлган айыпты толук мойнуна алганы жана ага өкүнөрүн айтканы, бул анын кылмыш жазасын жеңилдетүүгө шарт түзгөнү, ал сот чечимине каршы апелляциялык арыз менен кайрылууга укуктуу экени жазылган.
Бекзат Абдинасир уулу аттуу жаран кесилгени тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги комментарий бере элек.
2024-жылы 22-мартта Москва облусундагы “Крокус Сити Холл” концерттик борборунда теракт болгон. Тергөөнүн версиясына караганда, теги тажикстандык төрт адам — Мухаммадсобир Файзов, Далержон Мирзоев, Фаридуни Шамсидин, Саидакрами Рачабализоду саат 19:00 чамасында миңдей адам концерт көрүүгө келген залга кирип барып, ок чыгарышкан. Теракт учурунда 145 адам өлүп, ондогону жаракат алганы кабарланган. Кол салууга шектүүлөрдү Брянск облусунан кармашкан. Төртөө тең “теракт уюштуруу” беренеси менен айыпталып жатышканы, ар бири 25 жылдан камалышы ыктымалдыгы кабарланган.