Кыргызстанда пенсионерлердин саны 797,4 миң адамга жетти

2025-жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 797,4 миң адамга жетти. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, пенсионерлердин саны 2020-жылга салыштырмалуу 105,8 миңге көбөйдү.

Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулатылгандан кийин 2024-жылдын 1-октябрына карата 10 695 сомду түзүп, бул 2020-жылга караганда дээрлик эки эсеге жогорулады.

Белгилей кетсек, 2024-жылы пенсияларды жогорулатуу эки этап менен жүргүзүлдү. 1-июлдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 3170 сомго жеткирилип, мунун эсебинен 98 миңге жакын пенсионердин пенсиясы жогорулаган. Ал эми 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га, бирок 1 000 сомдон кем эмес көбөйтүлүп, үч ай ичинде индексациялоого кошумча чыгымдар 3,9 млрд сомду түздү.