Сауд Аравиялык компания Кыргызстанда күн электр станциясын курууну пландоодо

2025-жылдын 12-февралында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиясы Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов “Fas Renewable Energy” компаниясынын аткаруучу директору Маркус Шрауф менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын “Fas Renewable Energy” компаниясы менен кызматташуу маселелерин жана Кыргызстанда күн электр станциясын куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын талкуулашты.

Тактап айтканда, Элчи У. Марипов “Fas Renewable Energy” компаниясы менен эки тараптуу кызматташтыкты андан ары жигердүү өнүктүрүү боюнча өз оюн жана сунуштарын бөлүшүп, энергетика тармагында сауд компаниялары менен байланыштарды чыңдоо кыргыз тарабы үчүн негизги жана артыкчылыктуу милдеттердин бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде, М. Шрауф учурда “Fas Renewable Energy” компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алдында түзүлгөн Жашыл энергетика фонду ортосунда Кыргызстанда кубаттуулугу 900 МВтка чейин жеткен күн электр станциясын куруу боюнча 500 млн АКШ долларлык долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.ВКС форматында биргелешкен жолугушуу өткөрүү жөнүндө макулдашышты.