Таласта күрөш боюнча «Альянс Алтын Кубогу» мелдеши өттү

Талас шаарында 8-9-февраль күндөрү Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси жана колдоосу менен өспүрүмдөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча «Альянс Алтын Кубогу – 2025» облустук чоң мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» компаниясынан билдиришти.

Мелдештин ачылышына президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев катышкан. Ал жаш балбандарга ийгилик каалап, компанияга ыраазычылыгын билдирген.

«Альянс Алтын» компаниясы жакшы демилге менен күрөш боюнча мелдеш уюштуруп жатат. Буга чейин да облусубузда өткөрүлгөн мелдештерге ар дайым колдоо көрсөтүп келген. Бир гана каржылык колдоо эмес. Дүйнө чемпиондору, олимпиаданын катышуучулары Үзүр Жусупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу спортчуларыбызды алып келип, жаш муунга дем берип келишет. Мындай спорттук иш-чаралар менен биз кийинки муунду дени сак жашоого үндөйбүз деп ишенем», — деди облус башчысы Жумаев.

Мелдешке облус аймагынан 450гө жакын өспүрүм балбан катышып, алар 32ден 80 кг салмакка чейин 12 категорияда күч сынашты. Алдыңкы орундарды багындырган жаш балбандарга диплом, медаль жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Жаш балбандарды сыйлоо аземине Париж олимпиадасында коло медаль тагынган Үзүр Жусупбеков, Париж олимпиадасынын катышуучусу Бекзат Алмаз уулу жана эркин күрөш боюнча балбан Ислам Орозбеков катышты.

«Дүйнө чемпиондорун ушундай жаш өспүрүмдөрдүн мелдештерине катыштыруу демилгеси компания уюштуруп келет. Мындай демилге жаштарга абдан чоң дем берип, кызыгуусун арттырарын машыктыруучулар белгилешти», — деп билдиришти компаниядан.

Үзүр Жусупбеков бул өңдүү мелдештер көп уюштурулуп турушу керектигин, ошондо гана келечекте мыкты спортчулар чыгарын айтат.

«Мен дагы ушул Талас шаарындагы күрөш залында машыккам. Мелдештер болуп келген.  Бирок бир-эки жыл болуп, анан токтоп калат эле. Буйруса «Альянс Алтын» компаниясынын Кубогу жыл сайын болуп турат деп ишенем жана жылына келип жаш балбандарга дем берүүгө катышам деген оюм бар», — дейт балбан.

«Альянс Алтын» компаниясынын өкүлдөрү алар жергиликтүү жаштардын спортко болгон кызыгуусун күчөтүүгө жана күрөштү өнүктүрүүгө багытталган мындай мелдешти жыл сайын өткөрүүнү пландап жатканын билдиришти.