Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ырчы Кайрат Примбердиевди кармады

Атайын кызмат ата мекендик ырчы Кайрат Примбердиевди кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

«КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1985-жылы туулган КРнын П.К.Т. аттуу жаранына карата «Айран-YouTube» каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн, өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды», — деп белгиледи УКМК.

Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет, бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Эске салсак, 2025-жылдын январь айынын башында казакстандык «Айран-YouTube» ” долбоору кыргыз-казак мамилелерине атайын чыгарылышын арнаган. Программада ырчы Кайрат Примбердиевдин казак элинен Кененсарынын башын алган Ормон хан үчүн өз атынан кечирим сураган маеги тартууланган.