“Хизбут-Тахрир” уюмунун Кыргызстандагы лидерине эл аралык издөө жарыяланды

“Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун Кыргызстандагы лидери өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан “Хизбут-Тахрир Аль-Ислами” ДЭУнун мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун иерархиясына кирген башчыларды жана жогорку кызматтагы функционерлерди нейтралдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаралардын алкагында УКМК тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир Аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун лидерлери жана функционерлери кармалган, алардын арасында учурдагы жана мурдагы “масулалар” (республика боюнча лидерлер), финансист, ошондой эле “мусоиддер” (“масуланын” жардамчылары жана белгилүү бир аймакка жооптуулар) бар.

Кармалган адамдардын көрсөтмөсү менен “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрү бир нече жылдан бери Кыргызстанда экстремисттик идеологияны жайылтуу, жаңы жактоочуларды тартуу, интернетте фейк аккаунттарды түзүү, ошондой эле жашыруун басмакананы пайдаланып, Кыргыз Республикасынын аймагында материалдарды көчүрүү жана таратуу менен алектенип келишкендиги такталды.

Аталган уюмдун экстремисттик аракеттерин каржылоо үчүн республиканын бардык аймактарында катардагы мүчөлөрдөн акча каражаттарын чогултуу боюнча тармак түзүлгөн, бирок чогултулган каражаттар жогорку даражалуу функционерлерге ыйгарылып, алар каражатты өз каалоосу боюнча пайдаланышкан. Жыл сайын “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрү тарабынан республика боюнча 7-8 млн сомго жакын каражат чогултулган.

Жогорудагы иш-чаралардын алкагында Кара-Суу айылынын 1964-жылы туулган Ю.Н.Д. аттуу тургуну диний-экстремисттик уюмдун иерархиясында “Мандуб” кызматын ээлеген – “Кыядатанын” (“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун чет өлкөдөгү штаб-квартирасы) Кыргыз Республикасындагы өкүлү болуп, ал чет өлкөдө жүргөндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы экстремисттик иштерди координациялаганы аныкталган. Ошондой эле жогоруда аталган каражаттар анын дарегине жөнөтүлгөн.

Мындан улам УКМКнын колдо болгон материалдарынын алкагында Ю.Н.Д. эл аралык издөөгө алынды.

УКМК диний-экстремисттик уюмдардын ишмердигин уюштуруу жана аларга катышуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331, 332-беренелери боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет.