Бишкектин 11-кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат

Бүгүн, 7-февралда Бишкектин 11-кичи райондунда саат 08:30дан 18:00гө чейин 11-кичи райондо жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай иш-чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.

Өчүрүлүүчү даректер:

11-кичирайон, № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27, ДС94-турак үйлөр, сүрөтчүлөрдүн жеке үйлөрү, түрк мектеби.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобой уланат.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.