Мурдагы министр Динара Кутманова менен анын уулу сегиз жылга абакка кесилди

Биринчи Май райондук соту мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова менен анын уулу Кемелбек Кутмановду үй-мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Динара Кутманова КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен сегиз жылга эркиндигинен ажыратылды.

Мурдагы министрдин баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Кемелбек Кутманов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга жеке ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Мурдагы чиновниктин уулуна карата баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Эске салсак, Динара Кутманова 2023-жылдын июль айынын аягында кармалган. Тактап айтканда, 22-июлда УКМКнын басма сөз борбору Жаратылыш ресурстар министрлиги менен Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кимдер кармалганын жана экс-министр Динара Кутманова үй-бүлөсү менен ар кандай долбоорлордон миллиондорду кантип менчиктеп алганын билдирген.